• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Транспорт жана жолдор министринин орун басары ала турган пара 10 айыл өкмөттүн бюджетин түзөт

10 Бештин айы 2018 15:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 10.12.2018. Govori.TV

Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев ала турган пара өлкөдөгү 10 айыл өкмөттүн бир жылдык бюджетин түзмөк. Мындай пикирди депутат Бактыбек Райымкулов билдирди.

“Кыргызстанда толугу менен мамлекттин эсебинен каржыланган айыл өкмөттөр бар. Бул жагынан алганда ошол айтып жаткан пара 35миллионду түзөт экен. Бул жок дегенде 10 айыл өкмөттүн бюджетин түзөт экен”,-дейт Райымкулов.

Эске салсак, 5-декабрь күнү Транспорт жана жолдор министринин Азимкан Жусубалиев аттуу орун басары 50 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган.

Кошумчалай кетсек, чет элдик компанияга тендерди алып берүү үчүн 520 миң АКШ долларын ала турган болгон. Анын 120 миңин буга чейин бир туугандарынын ортомчулугунда компаниянын өкүлдөрүнөн алган. Калган сумманы алдыдагы апталарда алмак.

Теги:
Количество просмотров: 29