• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Троллейбус каттамдары токтотулат

17 Жетинин айы 202314:55 Бишкек Govori.TV

17-ноябрда Бишкек шаарында саат 16:00до жолдор жабылып, бардык троллейбус каттамдары убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мындай чаралар КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясын өткөрүүгө байланыштуу.

«Жолдордун ачылышы жана жабылышы тууралуу алдын ала маалымат беребиз»,-деп жазылат маалыматта.

Бишкек шаардык мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Количество просмотров: 230