• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Троллейбустардын кышка даярдыгы текшерилди

23 Жетинин айы 20229:11 Бишкек Govori.TV

Бишкекте троллейбустардын кышка даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлады.

Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө айдоочулардын жүрүм-турумуна, унаалардын кышка даярдыгына, жол эрежесин сактоого өзгөчө көңүл бурулду.

«Жыйынтыгында жол эрежесин сактабаган троллейбус айдоочуларына жана салондо мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн пандус пайдаланбагандарга эскертүүлөр берилди»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, текшерүүнү Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлери Жол коопсуздугунун кызматкерлери менен биргеликте уюштурган.

Количество просмотров: 79