• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Бүгүндөн тарта автобус жана троллейбустар накталай акча кабыл албайт

20 Баш оона 2023 8:14 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 20-августтан тарта Бишкекте автобус жана троллейбустарда накталай акча кабыл алынбайт.

Мэриядан билдиришкендей, санариптештирүү жана шаардык коомдук транспортту жакшыртуу боюнча комплекстүү кадамдардын алкагында 2020-жылдын март айынан бери швейцариялык BPC KG компаниясы борбор калаада «Тулпар» электрондук билеттерин сатуу долбоорун ишке ашырууда.

Жарандардын электрондук төлөмгө ыңгайлуу жана кыйналбай өтүүсү үчүн система эки жыл ичинде акырындык менен ишке киргизилген.

«Эми үстүбүздөгү жылдын 20-августунан тарта муниципалдык транспортто жол киреге накталай акча кабыл алынбайт. Атайын акция боюнча жүргүнчүлөр стандарттык транспорттук картаны айдоочулардан 30 сомго сатып алса болот», — деп белгилешти муниципалитеттен.

Жүргүнчүлөр үчүн накталай эмес төлөм ыкмаларынын төмөнкү жолдору сунушталат:

— үч категориядагы «Тулпар» транспорттук карталары (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген);
— Кыргызстандын бардык банктарынын Visa жана Элкарт контактсыз карталары;
— Виртуалдуу NFC картасы;
— Тулпар жана Balance тиркемесинде QR сканерлөө;
— Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.

Количество просмотров: 116