• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Троллейбустук каттамдар автобустарга алмаштырылат дейт мэрия

25 Жетинин айы 202411:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында төрт троллейбус каттамы автобустук каттамдарга алмаштырылды. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Ошентип, бүгүн борбор калаада №4, №5, №8 жана №10 автобустар троллейбус каттамы менен жүрөт.

Белгилей кетсек, троллейбус каттамдарын алмаштырууга жаңы автобус линиялары ишке киргизилет. Автобустар келген учурда №14 жана №17 троллейбус каттамдары калыбына келтирилет.

Эскерте кетсек, Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосунун аркасында эки троллейбустук автобазада электр кубаттоочу түзүлүштөр орнотулуп, капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Буга байланыштуу троллейбус кыймылы убактылуу токтотулду.

Троллейбустардын ордуна эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап электробустар жарандарды тейлейт.

Количество просмотров: 89