• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

«Цефтриаксон» сайгандан кийин анафилактикалык шок болгон 9 учур катталды

3 Бирдин айы 2023 17:35 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда жыл башынан бери антибиотик сайгандан кийин аллергиялык реакциянын айынан анафилактикалык шок абалга кептелген 9 учур катталды. Бул тууралуу бүгүн 3-январда Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын бири өзүнө келе албай көз жумган.

«Териштирүү жүргүзгөндө мындай реакция “Цефтриаксон” дарысын (Индия, Өзбекстан, Улуу Британия, Кытай, Египет, Түркия, Орусия өлкөлөрүндө өңдүрүлгөн) көпчүлүк учурда үй шартында сайгандан кийин пайда болгону аныкталган»,-деп жазылат маалыматта.

Министрлик ооруган адамдар түрдүү дарыларды үйүнө медайымды чакырып же башка өз алдынча шартта сайдырган учурлар менен катар анафилактикалык шок болгондор көп каттала баштаганын эскертип, ийнени медицина жайында тийиштүү кызматкердин көзөмөлү астында гана алуу керектигин маалымдады.

Количество просмотров: 1499