• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкектин борборундагы жардыруу учурундагы видео

10 Баш оона 2018 18:41 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 10.08.2018.Govori.TV.
Бишкек шаарынын Исанов-Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон жардыруунун видеосу тарады.
Анда унаанын алдында эмес эле, подъездин жанында унаадан чыгып, офиске кирип бараткан адамдардын жанында жардыруу болгонун көрсө болот.

Эскерте кетсек, бүгүн жеке ишкерге кол салуу болгон, деп Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жарылуучу зат унаанын алдына коюлган деп айтылган.
«Бүгүн 11:28де ошол аймактагы тургундар жардыруунун үнүн укканын айтып, маалымдашты. Келип аймакты дароо курчоого алдык. Жардыруудан жабыркагандар жок, күбөлөр суракка алынууда — деди Бишкек ШИИББинин маалымат катчысы Адыл Оморов.
Количество просмотров: 34