• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Туманбаев: «Жарандар катталган жеринен гана ипотекалык батир ала алышат» 

11 Жалган куран 202516:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында каттоосу жок жарандар ипотекалык батир алуу үчүн кезекке туруп, батир ала алышпайт. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев фейсбуктагы түз эфирде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында каттоосу болгон жаран гана борбор калаадан ипотекалык батир ала алат.

“Сиз бүгүнкү күндө айталы, Баткенде, Таласта каттоодо турсаңыз, анда сиз Бишкек шаарында сиз кезекке тура албайсыз. Бишкек шаарында билесиздер жылдан-жылга элдин саны да, кезекте тургандардын саны да көбөйүп бара жатат. Ошол үчүн биз баардык регион, облустарга батирлерди салып жатабыз. Ошол каттоодо турган жериңизде үйлөрдү алсаңыздар болот”, — деди Туманбаев.

Количество просмотров: 316