• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Тумандан улам Ош аэропортунда каттамдар кармалууда

27 Бирдин айы 20249:41 Бишкек Govori.TV

Коюу тумандан улам Ош эл аралык аэропортунда аба каттамдары кармалууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.

Учурда Ош – Жуковский, Ош — Санкт-Петербург каттамдары кармалып жатат. Ошондой эле Стамбул – Ош, Москва – Ош каттамдары Ош аэропортуна коно албай, Бишкектеги «Манас» аэропортуна конду.

Учурда Ош аэропортунун аймагында көрүү узактыгы туурасынан — 100 метр, жогору карай — 46 метрди түзүүдө.

Теги:
Количество просмотров: 113