Сасык тумоого каршы эмдөө жүргүзө турган менчик медициналык борборлордун тизмеси Саламаттык сактоо министрлигинин расмий сайтына жарыяланды.
Министрликтин маалыматы боюнча, профилактикалык эмдөө баардыгына жасалат, бирок сатылып алынган вакцина баардыгын камтый албашы мүмкүн. Ошондуктан жеке медициналык борборлордо профилактикалык эмдөөнү уюштурууну күчөтүү чаралары көрүлүп жатат.
Бишкекте акы алып вакцина жасай турчу клиникалар:
Ош облусунда акы алып вакцина жасай турчу клиникалар:
Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы менчик медициналык борборлордо сасык тумоого каршы эмдөө жүргүзүлө электиги белгиленди. Учурда эмдөөнү уюштуруу иштери жүрүп жатат.
Талас, Баткен, Жалал-Абадда «Цадмир» медициналык борборунун филиалдары иштейт.
Жеке клиникалардагы эмдөөнүн баасы азырынча аныктала элек.