• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Турдалиев: Саясий элитанын аброю болуп көрбөгөндөй түштү

22 Бирдин айы 2020 12:59 Бишкек Govori.TV

Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда «Ата Мекен» партиясынын жыйынында жаш лидерлердин бири Улан Турдалиев билдирди.

«Акыркы мезгилде саясий элитанын аброю болуп көрбөгөндөй төмөндөдү. Депутаттар чимкириктер деп аталды. Керек болсо, бизди кошуна мамлекеттер дагы теңине албай калды. Бирок саясатка келчү адамдарды убагында өзүбүз шайлап алдык. Бүгүнкү күндө дагы жергиликтүү кеңештерге шайлоолор боло турган аймактарда жарандарды жапырт түрдө каттоо жүрүп жаткандыгы айтылып жатат. Добуш сатып, мамлекет түптөбөйбүз. Эгерде өлкөдө коррупция, кылмыштуулук, күчөсө ар бирибиз күнөөлүбүз. Акчасын алып унчукпай жардам берип жатпайбызбы»,-деди Турдалиев.

Количество просмотров: 238