• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Турсунбай Бакир уулу: “Жусупбек Жээнбеков көп инвестицияларды алып келди…”

9 Бирдин айы 2018 10:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 09. 02. 2018Govori.TV

“Жусупбек Жээнбеков, ажы аке дипломатиялык чөйрөдө 11 жыл иштеп койду. Иштегенде да араб өлкөлөрүндө иштеди, көптөгөн инвестицияларды алып келди. Украинага дайындалганы да жакшы иш болду.” Бул тууралуу мурдагы депутат Турсунбай Бакир уулу өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Ошондой эле ал Украинага элчи болуп барган барган Президенттин агасы  Жусупбек Жээнбеков элчи катары мыкты иштеп, Кыргызстан үчүн көп маселелердин чечилишине жол ачаарына ишене турганын айтат. «Биринчиден, бул өлкө  Евробиримдикке кирүүгө даярданып жаткан өлкө — ушул өлкө аркалуу биз да евросаясатыбызды жүргүзсөк болот. Экинчиден,  Кыргызстан менен Украинанын ортосунда совет доорунан баштап эле жакшы мамилелер орноп калган. Аны мындан да жакшы өркүндөтүү абзел. Үчүнчүдөн, Украинада 3-5 минге жакын кыргыздар жана Кыргызстандын жарандары бар экен, а Кыргызстанда 20 минден ашык украин диаспорасы бар. Эми жаны элчи ал чечпеген баардык маселелерди чечет деген чон үмүттөмүн”,-дейт Турсунбай Бакир уулу.

Ошону менен катар эле ал Украинадагы мурдагы элчи Улукбек Чыналиевдин дарегине катуу сын-пикирин билдирген. “Украинадагы мурдагы элчибиз Улукбек Чыналиев иштей албады. Деги ушул кишине кайсы гана өлкөгө дайындашпады — өлкө жана эл үчүн иштебей эле, өзү үчүн  жашап жүрдү. Өзбекстандан да муну чакырып алышкан болчу, бирок Оруссияга негедир дайындап коюшту. Ал жакта мигранттар арызданышып, депутаттык комиссия текшерип, ал жактан да кетирген болчу. Анан Украинага элчи болуп дайындалганда мен чыдабай кеттим! Акыры, анын мөөнөтүнөн узартпай элчиликтен чакырып алуу маселесин Жогорку Кенеш ТИМ ге койду”-,деп жазат мурдагы депутат

Эске сала кетсек, Жусупбек Жээнбеков өткөн жылдын ноябрь айында мурдагы Эль-Кувейттеги  Кувейт, Марокко, Иордания жана Бахрейн өлкөлөрүүндөгү элчилик кызматынан бошоп, Украинага элчи болуп дайындалган.

Количество просмотров: 8