• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Турсунбек Акун III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды

22 Аяк оона 202118:21 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын мурдагы акыйкатчысы Турсунбек Акун III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды.

Сыйлоо аземи бүгүн, 22-сентябрда өтүп, президент Садыр Жапаров өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий дараметин өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги зор жетишкендиктери, көп жылдык жемиштүү эмгеги үчүн 189 адамга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Турсунбек Акун 2020-жылы Конституциянын жаңы долбоорун талкуулаган Конституциялык кеңешменин курамында болгон жана Башмыйзамды иштеп чыгууга активдүү катышкан.

Ал Кыргызстан укук коргоо кыймылынын төрагасы.

Количество просмотров: 483