Бүгүн, 4-августта «Ала-Тоо» аянтында Айсулуу Тыныбекованын финалдык беттеши түз эфирде көрсөтүлөт.
Ушул тапта балбан кызды колдоо үчүн борбордук аянтка жүздөгөн жарандар чогулду.
Саналуу мүнөттөрдөн кийин Токиодо Олимпиада оюндарынын финалында кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова менен япониялык Юкако Каваи күрөшөт. Бул мелдешти кыргызстандыктар чыдамсыздык менен күтүп жаткан чагы.