Бүгүн, 5-февралда Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Тыныстан Асыпбековдун кармалышын мыйзамдуу деп тапты.
«Тыныстан Асыпбековдун аракетинде эч кандай кылмыштын курамы жок»,-деди жактоочу Бараков.
Ал эми иликтөөчү журналист Тыныстан Асыпбеков кармалышын мыйзамсыз деп эсептейт.
«Акылга сыйбаган иш болуп жатат. Адамдын тагдыры оюнчук эмес. Тергөөчүлөр жомокту токуп коюшту. Соттор адилеттүү чечим чыгарышы керек»,-деди Асыпбеков.
Эске салсак, 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынган.
ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.