• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Иликтөөчү журналисттер Асыпбеков менен Капаров камакта калды

12 Жалган куран 2024 19:03 Бишкек Govori.TV

“ПолитКлиника” медиасынын журналисти Тыныстан Асыпбеков жана “Алга медиа” каналынын негиздөөчүсү Актилек Капаров камакта калды.

Мындай чечимди бүгүн, 12-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды, ага ылайык алар 13-майга чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакта болот.

Эске салсак, 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынган.

ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.

Количество просмотров: 69