• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

«Тёплые ключидеги» минералдык суу чыккан жер мамлекетке кайтарылды

3 Бештин айы 202516:34 Бишкек Govori.TV

Аламүдүн районунда минералдык суу чыккан жер мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Райондук прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Таш-Мойнок айыл аймагында жайгашкан «Тёплые ключи» ден соолукту чыңдоо комплексин минералдык суу менен камсыз кылуучу 3,12 га жер тилкеси 1998-жылы мыйзамсыз «КС» ЖЧКсына өтүп кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында базар баасы 442,5 млн сомду түзгөн жер тилке мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Количество просмотров: 182