• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Тышкы иштер министри Палестинанын элчисин кабыл алды

16 Жетинин айы 2023 9:14 Бишкек Govori.TV

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Палестинанын Ташкент шаарында жайгашкан Кыргызстандагы элчиси Джавад Авадды кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Кулубаев Газа тилкесиндеги согуштук аракеттердин натыйжасында көптөгөн курмандыктарга байланыштуу көңүл айтып, Кыргызстандын эли палестина элинин азап-кайгысын тең бөлүшөөрүн белгиледи.

Министр Кыргызстан ок атышууну тез арада токтотууну жактай тургандыгын, ошондой эле палестина элинин өз тагдырын өзү аныктоо жана көз карандысыз палестина мамлекетин түзүү боюнча мыйзамдуу ажырагыс укуктарын колдоого толугу менен берилгендигин баса белгиледи.

Өз кезегинде элчи кыргыз тарапка жолугушуу жана колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, ушул жылдыг 11-ноябрында Эр-Рияд шаарында өткөн 8-кезексиз Ислам саммитине президент Садыр Жапаровдун жеке катышуусун жана Кыргыз Республикасынын палестина маселеси боюнча бир орундуу позициясын өзгөчө белгиледи. Ошону менен бирге, Палестина-Израиль жаңжалынын аймагындагы учурдагы кырдаал тууралуу маалымат берип, Газа тилкесинин жарандык калкынын каргашалуу гуманитардык кырдаалын билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар согуштук аракеттер тез арада токтотулат деген үмүтүн билдиришип, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө болгон умтулууларын тастыкташты.

Количество просмотров: 50