• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөштү

30 Бештин айы 20239:30 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Сироджиддин Мухриддин бүгүн телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР Тышкы иштери министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Тараптар кыргыз-тажик алакаларынын күн тартибиндеги маанилүү маселелерин талкуулашкан.

«Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кесиптештер өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү максатында биргелешкен ишти активдештирүүгө ниеттерин билдиришти», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 165