• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Тыюу салынган жерлерге токтотулган унааларды эвакуациялоо иштери уланууда

1 Бештин айы 202517:30 Бишкек Govori.TV

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын (МККБ) кызматкерлери тыюу салынган жерлерге токтотулган жана жол кыймылына тоскоолдук жараткан унааларды эвакуациялоону улантууда.

Билдирүүдө айтылгандай, МККБнын экипаждары күн сайын унаалар жөө өтмөктөргө, коомдук транспорттун аялдамаларына, тар көчөлөргө жана башка тыюу салынган аймактарга токтотулуп калган учурларды аныктоодо. Мындай мыйзам бузуу жол кыймылынын коопсуздугуна жана кыймылдын бир калыпта жүрүшүнө терс таасир этет.

Эреже бузуу менен токтотулган автоунаалар белгиленген тартипте эвакуацияланат, ал эми айдоочуларга карата тиешелүү протоколдор түзүлөт.

МККБ айдоочуларды жол белгилерин так сактоого жана башка жол колдонуучулардын кыймылына тоскоолдук жаратпоого чакырат.

Количество просмотров: 71