Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев кечээ кечинде социалдык тармактар аркылуу шаар сыртында жасалып жаткан убактылуу автобекет тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, «Ак кула» ат майдандын жанындагы убактылуу автобекетте бардык шарттар: жолдор, даараткана, дүкөндөр, тамак иче турган жайлар, күтүү залы иштеп жатканын билдирди.
Мындан тышкары, Сокулук, Кара-Балтага каттай турган жалпы 500 маршруттук унаалар үчүн атайын токтотуучу жайлар жасалганын, автобекет менен шаардын ортосунда жүргүнчүлөр үчүн №19-13-40-автобустар каттап жатканын кошумчалады.
Бул убактылуу автобекет Кыргызстандын түштүк тарабына каттаган жүргүнчүлөр үчүн жаңы автобекет курулуп бүткүчө иштей берет. Жаңы автобекет келерки жылдын 25-майында аяктай турганын билдирди Ырсалиев.