• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Убакытты 1 саатка артка жылдыруу сунушуна депутаттар кандай карайт?

22 Жетинин айы 2023 14:23 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда саатты артка жылдырып, убакытты өз ордуна келтирүү сунушталууда. Демилгечилер дарыгер Нурали Койлубаев менен “Баткен таңы” гезитинин башкы редактору Адылбек Акматов саатты артка жылдыруунун бир нече себеби бар экенин айтышкан.

Алардын айтымында, ишкек бешинчи алкакта жайгашкандыктан, UTC+5ке өтүү туура болмок. Б

«Шашып жүрүп, стресске кабылабыз, психологияга зыян болуп жатат. Экономикага да пайда болот. Мисалы, өлкөдө электр энергиясы 1 саатка үнөмдөлөт. «Туура эмес саат» адамды неврозго алып барат. Андыктан калктын ден соолугу үчүн убакытты ылайыкташыбыз керек. Бала бакча жана баштапкы класстарда окуган балдарга эртең менен туруу өзгөчө кышында кыйын болуп жатат»,-деп билдиришкен алар.

Совет учурунда саат жебеси күндүн узарышына жана кыскарышына жараша жылына эки жолу – жазында 1 саат алдыга, күзүндө 1 саат артка жылдырылчу. Кыргызстан мындай эрежеден 2005-жылы баш тарткан.

Убакытты 1 саатка артка жылдыруу сунушуна депутаттар кандай карайт?

Количество просмотров: 242