“Учкун” ачык акционердик коомунда автоунаалардын номерлери чыгарыла баштады.
“Учкун” ААКнын директору Бакытбек Султановдун айтымында, ишкана номерлерди даярдоо үчүн штамптоочу жабдууларды өз каражатына Кытайдан сатып алды. Анын баасы болжол менен 1,5 млн долларга жетет.
«Биз Франция, Япония жана башка көптөгөн өлкөлөрдө болдук. Азыр баары Кытайдан соода кылышат, чийки затты да сатып алышат. Буга чейин жеткирүүнү жеке компания жасачу, эми унаалардын номерлерин даярдоонун баасы эки эсеге арзандады. Биздин жетекчилик коррупцияны жоюп, жеке ишканалардын катышуусуна жол бербөө максатын койду. Азыр мамлекеттик ишканалар гана катышып жатат», — деди ал.