• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Учурда Бишкекте канча ипотекалык батир курулуп жатат?

17 Үчтүн айы 20259:30 Бишкек Govori.TV

Бүгүнкү күндө Бишкекте мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында 17 миң 400 батир курулууда. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Тилек Жеембаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

«Бишкекте учурда 17 миң 400 батир курулуп жатат. Жакында эле үч даректе 2 миң 139 батир курулуп бүттү. Жарандарды жайгаштыруу 2024-жылдын декабрь айынан башталган, быйылкы жылдын февраль айына чейин жүргүзүлөт. Турак жайлар электрондук кезек менен берилет. Даяр батирлер ээлерине тапшырылгандан кийин электрондук кезек кайра жаңыртылат” , — деди Жеембаев.

Теги:
Количество просмотров: 252