• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Учурда Ош-Бишкек жолу ачык

14 Тогуздун айы 2018 15:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.10.2018. Govori.TV

Бишкек-Ош жолундагы Төө Ашууда туман каптап, кар жаап жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жаратты. Бул тууралуу жүргүнчүлөр соц.тармактарга видео жүктөп, болуп жаткан кырдаал менен бөлүшүштү. Кечээ күнү Бишкек -Ош жолунда тыгын жаралып, чоң жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген болчу. Жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө токтой элек.
Төө Ашуу капчыгайындагы кырдаал тууралуу биздин агенттикке ӨКМнын басма сөз кызматынан Элмира Шерипова маалымат берди. Ал учурда жол ачык экенин, жолдо тыгын жок экенин жана жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилгенин кошумчалады.
Айдоочулар жолго кышкы дөңгөлөктөр менен чыгуусу талапка ылайык экенин эскертти.

Шашылыш билдирүү!

16-17-октябрларда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт.Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү болушу мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы абдан төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-3° суук, күндүз 0…5° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-2°үшүк, күндүз 4…9° жылуу, тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 0…5°жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7°, күндүз 0…-5° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7° суук болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.
Тоолу унаа жолдор менен сапарга чыгайын деп жатсаңыз,мисалы, Бишкек-Ош, Бишкек-Нарын-Торугарт ж.б., сөзсүз түрдө автоунаанын дөңгөлөгүн кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну эскертебиз! Жайкы дөңгөлөк менен ашууларда жол тыгынын себепкери болуп калбаңыз, бул сиздин коопсуздугунун үчүн!
КР ӨКМдин Басма сөз кызматы

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=2268406410055242&id=100006577149559

Количество просмотров: 43