• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Учурдан пайдаланып… Эл көп болгон автобуста телефон уурдаган бала кармалды

5 Кулжа 2021 12:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын милиция кызматкерлери коомдук жайда телефон уурдаган шектүүнү кармашты. Бул тууралуу Бишкек шаардык милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиришти.

Борбор шаардын аймагында ушул сыяктуу кылмышы үчүн мурда соттолгон шектүү 1988-жылы туулган Т.Т. кармалган. Ал райондук тергөө кызматына жеткирилип, тергөө абагына киргизилди. Азыркы учурда зарыл болгон тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Буга чейин социалдык тармактарда видео тараган. Анда азиат түлпөлдүү белгисиз жаран автобуста элдин көптүгүнөн пайдаланып, жүргүнчүнүн чөнтөгүнөн мобилдик телефонун уурдап жаткан учуру тартылган.

Милиция кылмышкерлердин мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган жарандарды 0553-102 747, 0500-779 779, 0554-102 320, 0557-292 329 номерлерге кайрылуусун суранат.

Количество просмотров: 1209