• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

УКМК: Адам уурдоо фактысы боюнча уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды (видео)

4 Чын куран 2022 16:45 Бишкек Govori.TV

Опузалап талап кылуу жана адам уурдоо фактысы боюнча Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма соз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, УКМКга О. Ю. аттуу жаран М. у. А. аттуу анын тууганын уурдап, физикалык күч колдонуп, белгисиз даректеги ижарага алынган батиринде кармап тургандыгы, уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

«Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-пункту (Баңги каражаттарын психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде адам уурдоо, опузалап талап кылуу жана өлтүрөм деп коркутуу фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүк материалдардын алкагында, 2022-жылдын 2-апрелинде Э.Б., С.С. жана А.М. кармалды»,-деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кармалгандар «Дөө Чыңгыз» деген каймана аты менен белгилүү болгон Чыңгыз Жумагуловдун уюшкан кылмыштуу тобуна катышы бар экендиги такталган. Учурда кармалгандарга карата тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, алардын бири УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Количество просмотров: 219