Жашы жете элек кызды уурдоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
15-август күнү Жалал-Абад ШИИБне А.И. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ушул эле күнү болжол менен саат 11:00 чамасында 2015-жылы туулган А.Э. аттуу кызы өзү жашап жаткан үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.
Аталган маалымат Тергөө кызматы тарабынан катоого алынып, тергөө чейинки териштирүү иштери башталган.
«Милиция кызматкерлери тарабынан ошол эле күнү кечки саат 18:30 чамасында 2015-жылы туулган А.Э. Ош облусунун Кара-Суу районунан табылып, ата-энесине жеткирилип берилди. Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Адам уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү делип, 1983-жылы туулган Х.С. аттуу жарандын өздүгү аныкталып кармалып, Тергөө кызматына жеткирилген.
Азыркы учурда соттун чечими менен шектүү жарандарга карата камакка алуу баш коргоо чарасы тандалып, бир айга камакка алынган», — деп жазылат маалыматта.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.