• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Чүйдө адам уурдап, 100 миң сом талап кылгандар кармалды

20 Аяк оона 2021 16:58 Бишкек Govori.TV

Чүйдө 31 жаштагы эркек кишини уурдап, айыл четине алып барып 100 миң сом талап кылды деген шек менен үч жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,17-сентябрда кечки саат тогуздар чамасында Чүй районунун Искра айылында 1990-жылы туулган М.А.ны үч киши уурдап кетишкен. Андан кийин сабап, айылдашынан 100 миң сом талап кыла башташкан.

Бул факты Жазык кодексинин 170-беренеси (Киши уурдоо) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

«Ошол эле күнү Чүй ОИИБдин жана Чүй РИИБдин ыкчам кызматкерлери, жана аймактык тескөөчү тарабынан кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган М.И., 1995-жылы туулган Ж.Д. жана 1995-жылы туулган М.С. кармалды»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 827