• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

УКМК: Досоновдун кылмыштуу тобунун мүчөсү өлкөдөн чыгып жатканда кармалды

9 Аяк оона 202411:38 Бишкек Govori.TV

К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү КР чегинен тышкары чыгууга аракет кылып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу УКМК тараткан маалыматта айтылат.

2-сентябрда КР Мамлекеттик чек арасынан өтүүгө аракет кылып жаткан учурда УКМКнын «Ак-Жол унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү жайында «Дженго» каймана аты менен белгилүү криминалдык авторитет К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, мурда киши өлтүрүү менен соттолгон, 1992-жылы туулган Жалал-Абад облусунун тургуну А.У.Ж кармалды.

«Уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүүнүн алкагында, Жалал-Абад облусунда 2023-жылдын октябрь айында криминалдык кошуундарды аныктоо, бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча масштабдуу иш-чаралардын алкагында тинтүү-иш-чаралары жүргүзүлгөн. Бул иш-аракеттердин натыйжасында, А.У.Ж.нын жашаган жеринен жашыруун алып жүрүү үчүн конструкциясы өзгөртүлгөн ок атуучу курал, ошондой эле ок-дарылар табылып алынган. Ошол кезде А.У.Ж. укук коргоо органдарынан качып кетүүгө үлгүргөн», — деп кабарлайт УКМК.

Азыркы учурда кармалган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарындагы УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Ошол эле учурда УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы А.У.Ж. жана уюшкан кылмыштуу топтордун башка мүчөлөрү тарабынан жасалган кылмыштын мүмкүн болгон фактылары тууралуу: 0995 01-22-10 телефону аркылуу билдирүүнү өтүнөт.

Количество просмотров: 112