• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Биринчи май райсоту Женгону 20 жылга кести

29 Жетинин айы 202421:50 Бишкек Govori.TV

Уюшкан кылмыштуу топтун лидери катары жок кылынган Камчы Көлбаевдин тобунун мүчөсү Кадыр Досоновго, каймана аты Женгого карата сот өкүмү чыкты. Kaktus. media күч түзүмдөрүндөгү өз булактарына таянуу менен бул тууралуу жазды.

Бүгүн 29-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Женгону 20 жылга эркинен ажыратып, жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн режимде өтөө өкүмүн чыгарган. Ага адам өлтүрүү, адам өлтүрүүгө аракет кылуу жана кылмыштуу топ түзүү боюнча айыптар коюлган.

Ал буга чейин Ошто кылмыштуу топтогу бирөөнү арматура менен сабоо боюнча өтүп жаткан. Ошол окуядан кийин токмок жеген адам каза болгондугун эске салабыз.

Количество просмотров: 196