• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

УКМК күрөөкана тармагынын ээсин сүткорлукка айыптап кармады

16 Үчтүн айы 202611:10 Бишкек Govori.TV

Ири сүткор жана күрөөкана тармагынын ээси С.М.А.нын мыйзамсыз иштерине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК тараткан маалыматта айтылат.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, С.М.А. Бишкекте мыйзамсыз күрөөкана иштетип, жарандарга өтө жогорку пайыз менен акча берип, аларды карызга батырган. Андан кийин ал кардарлардын көз карандылыгынан пайдаланып, жасалма келишимдер жана тааныш нотариустары аркылуу алардын мүлктөрүн (үй, жер, бизнес) мыйзамсыз өзүнө өткөрүп алып турган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында С.М.А.нын ишенимдүү адамдарынын чөйрөсү аныкталып, алардын аттарына кылмыш жолу менен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдүн олуттуу саны катталгандыгы белгилүү болду.

Ошондой эле С.М.А. жабырлануучуларды коркутуп, басым жасап, мамлекеттик органдардагы байланыштары аркылуу алардын арыз жазуусуна тоскоолдук кылып келген.

Жогоруда айтылгандарды жана кылмыш ишиндеги талашсыз далил базасын эске алуу менен С.М.А. кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылып, ага тиешеси бар башка адамдар аныкталууда.

УКМК мыйзамсыз күрөөкана иштетүү жана сүткорлук ишмердүүлүгү кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет.

Количество просмотров: 184