• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

УКМК: «Орто-Сайда” соодагерлерден мыйзамсыз акча чогулткан дагы бир салыкчы кармалды

14 Бештин айы 2023 10:53 Бишкек Govori.TV

Буга чейин Бишкектеги “Орто-Сай” базарын тейлеген Мамлекеттик салык кызматынын дагы бир кызматкери кармалды, деп билдиретКР Улутту коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК).

Маалыматка ылайык, Бишкектин Октябрь району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып “Орто Сай” базарынын соодагерлеринен акча каражаттарын системалуу түрдө мыйзамсыз өндүрүп жүргөн факттар аныкталды.

Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча башкармалыгынын кызматкери С.Э.М. жергиликтүү салыктарды жыйноо боюнча жүктөлгөн функционалдык милдеттерине карабастан, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып, жеке баюу максатында “Орто-Сай” базарынын соодагерлеринен мыйзамсыз акча чогултуу менен алектенип, аны менен ишкерлердин салык төлөөдөн качуусуна шарт түзгөнү такталды.

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлеринин мындай аракеттери базардагы соодагерлердин нааразычылыгын жаратып, жалпысынан жүргүзүлүп жаткан салык реформасына, анын ичинде контролдук-кассалык машиналарды киргизүүгө терс таасирин тийгизүүдө.

2023-жылдын 13-декабрында козголгон кылмыш ишинин алкагында чогултулган материалдардын негизинде Мамлекеттик салык кызматынын Октябрь району боюнча башкармалыгынын кызматкери С.Э.М. кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоого жана мамлекетке келтирилген зыянды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

Количество просмотров: 164