Жалал-Абад шаардык соту бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоого айыпталган 70 жаштагы С.Т. аттуу аялга өкүм чыгарды. Бул тууралуу маалыматты облустук соттон тастыкташты.
22-ноябрда чыккан чечимге ылайык, ал күнөөлү деп табылып, 50 миң сом айыппул салынды. Соттун өкүмү күчүнө киргенче аталган жарандын үй камагындагы бөгөт чарасы өзгөртүлбөйт.
Эске салсак, Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарынын 70 жаштагы тургуну, пенсионер С.Т. 6-октябрда УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалганы белгилүү болгон. 17-октябрда үй камагына чыгарылган.