• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

УКМКдагы коррупция: Прокуратура жаңы маалымат берди

18 Жалган куран 202616:39 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин айрым кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

«УКМКнын айрым кызматкерлери жана алар менен байланышкан адамдар ишкерлерден, кылмыш иштеринин фигуранттарынан акча жана мүлктөрдү мыйзамсыз алып келишкен. Алар каражаттарды «мамлекеттин пайдасына өткөрүп жатабыз» деген шылтоо менен өздөрүнө ыйгарып алышкандыгы аныкталды. Мындай жол менен шектүүлөр жеке материалдык кызыкчылыктарын көздөшкөн», — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан «Коррупция» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Количество просмотров: 452