Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Бишкек шаардык башкармалыгынын мурдагы башчысы Эльдар Жакыпбековдун кармалганы кабарланууда. Бул тууралуу Kaktus.media сайты укук коргоо органдарындагы булактарына таянып жазды.
Маалыматка караганда Жакыпбеков Аскер прокуратурасы тергеген кылмыш ишинин алкагында кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Бул боюнча Башкы прокуратура маалымат бере элек.