УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы 15-апрелге чейин Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алган. Ал коррупцияга шектелүүдө.
Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагасы кызматынан кеткенден кийин атайын кызматтагы бир катар жетекчи кызматтан алынып, айрым кызматкерлер камакка алынган.