Кыргызстанда буга чейин УКМКнын курамында болуп келген 9-кызматтын базасында президентке караштуу Мамлекеттик күзөт кызматы түзүлдү.
Бул тууралуу жарлыккка президент Садыр Жапаров кол койду. Маалыматка ылайык, Күзөт кызматы президентке баш ийет жана отчет берет. Ал улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасына кирет жана кайтарылуучу адамдардын жана объекттердин коопсуздугун камсыздайт.
Буга чейин бул функциянын УКМКнын алдындагы 9-кызмат аткарган жана атайын кызматтын төрагасына баш ийчү.
Анын алдында Садыр Жапаров Чек ара кызматын УКМКнын карамагынан чыгарып, өз алдынча орган катары түзгөн.
Мамлекеттик чек ара кызматы 2020-жылдын ноябрь айында УКМКнын карамагына өткөрүлгөн.