Бишкекте Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары Даниель Рысалиев кармалганы тууралуу маалымат тастыкталды. Бул тууралуу күч түзүмдөрүндөгү булактар билдиришти, азырынча толук маалымат такталууда.
Алдын ала маалыматтарга караганда, Даниель Рысалиев кечээ тергөө иштери боюнча суракка ИИМдин тергөө кызматына жеткирилген. Расмий органдар азырынча кайсы беренелер боюнча иш козголгону жана ал кандай макамга ээ экени тууралуу маалымат бере элек.
Даниель Рысалиев 2025-жылдын декабрынан тартып УКМК төрагасынын орун басары кызматын ээлеп, киберкоопсуздук маселелерин көзөмөлдөгөн. Андан мурда ал атайын кызматтар системасында иштеп, анын ичинде аймактардагы бөлүмдөрдү жетектеген.
2026-жылдын февраль айынын башында УКМКдагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу кызматтан бошотулган.