Украинанын Ташкенттеги элчиси Микола Дорошенко Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) нота жөнөтүп, «Украина тууралуу жалган маалымат таратып жаткан телеканалдарды жабууну» өтүндү. Бул тууралуу элчи көз карандысыз Yep.uz сайтына берген маегинде билдирди.
Элчи маегинде Өзбекстанда Украинадагы чыныгы гуманитардык катастрофа жеткиликтүү деңгээлде чагылдырылбай, коомдук пикир негизинен орусиялык телеканалдар аркылуу калыптанып жатканын айткан.
«Биз Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөтүп, Украинадагы абал тууралуу жалган маалыматтарды таратып жаткан телеканалдарды жабууну өтүндүк. Кайсы каналдарды көрсөтүү керектигин өкмөт, бийлик жана ал тармакта иш алып барган бизнес чече турганын түшүнөбүз, бул алардын укугу. Бирок биз кайсы каналдар туура эмес позицияны калыптандырып жатканына көңүл буруудабыз», – деген Дорошенко.
Ал ошондой эле Украинанын элчилиги күн сайын өзбек ЖМКларына Украинанын түрдүү аймактарындагы кырдаал тууралуу пресс-релиздерди жөнөтүп жатканын кошумчалаган.