• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Украинадан эвакуацияланган 72 кыргызстандык Бишкекке учуп келди

12 Жалган куран 2022 12:37 Бишкек Govori.TV

11-март күнү Бишкекке уюштурулган чартердик рейс келди, аталган каттам менен Украинанын аймагынан Польшага киришкен 72 кыргызстандык жаран, алардын ичинде балдар, аялдар учуп келишти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, эвакуациялык авиакаттамды Тышкы иштер министрлиги польша тарабы жана Украинанын аймагына чыккан жарандарды мекенине жөнөтүүгө жардам берүүчү «Фронтекс» чек ара кызматы боюнча Европалык агенттик менен биргеликте уюштурган.

Азыркы кезде министрлик Польшадан Кыргызстандын жарандарын мекенине алып кетүү боюнча иштерди улантууда, ошондой эле жакын арада Чехиядан каттам менен кыргызстандыктарды эвакуациялоо иши Эл аралык миграция уюмунун Прагадагы өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен пландаштырылууда.

Бүгүнкү күндө Украинада Кыргызстандын 86 жараны бар. Жарандардын саны улам өзгөрүүдө, ошондуктан тизме улам жаңыртылып жатат.

Количество просмотров: 208