• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Девид Лэмми журналисттерге каршы сот чечимине көңүл бурду

15 Тогуздун айы 202416:47 Бишкек Govori.TV

2024-жылдын 15-октябрында КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Улуу Британиянын Тышкы иштер министри Дэвид Лэмми телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-британ мамилелеринин, атап айтканда, саясий, экономикалык, инвестициялык чөйрөлөрдөгү, ошондой эле энергетика, экология, климаттын өзгөрүүсү боюнча өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Улуу Британиянын Тышкы иштер министри Дэвид Лэмми журналисттерге каршы акыркы сот чечимине көңүл бурду. Өз кезегинде министр Жээнбек Кулубаев мындай чечимди бийликтин көз карандысыз бутагы болгон сот органдары кабыл алганын белгиледи.

Сүйлөшүүнүн соңунда тышкы иштер министрлери саясий байланыштарды улантуу жана өз ара сапарларды уюштуруу жаатында ишти улантуу боюнча өз ара макулдашты.

Количество просмотров: 110