Кечээ соцтармактарда белгисиз адам “эртең Бишкектеги окуучулардын баарын өлтүрөм” деп коркуткан видео тараган.
Милиция видеодогу адам Ярослав Овсюк аттуу чет элдик жаран экенин айтты. Ал мурда Орусиянын ИИМи тарабынан телефон аркылуу терроризмге шектелип, эл аралык издөөдө жүргөн.
ИИМ видео аркылуу коркуткан адам Кыргызстанда эместигин, ал атаган мектептер текшерилип коопсуздукка коркунуч жок экенин аныктаган.
Андан соң телеграм каналдардын бирине ага жардамчы делип Бишкектеги окуучунун сүрөтү чыккан.
Милиция окуучунун өздүгүн аныкташкан. Ал Овсюк менен урушуп кеткенин, андан соң бишкекхоррор аккаунтунан коркутуулар келе баштаганын билдирген.
«Текшерүү М.Н. коркутууларды таратууга тиешеси жок экенин көрсөттү. Видео чагым катары чыгарылган. Окуучунун ата-энесине «Ата-энелик милдеттерин аткарбоо» боюнча протокол түзүлдү», — деп жазылган маалыматта.