• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

«Telegram» аркылуу синтетикалык баңгизат сатууга көмөктөшкөндөр кармалды

6 Жалган куран 2024 9:58 Бишкек Govori.TV

“Telegram”мессенджери аркылуу синтетикалык баңги заттарды сатууга көмөктөшкөн криптовалютанын ээлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан 2024-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында «Telegram» мессенжери аркылуу «мефедрон», «туз», «кристалл» синтетикалык баңги заттарын сатышып, криптовалюталык кызмат көрсөткөн адамдардын тобунун кылмыштуу иш-аракеттерине бөгөт коюлду.

«Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө «крипто алмашуучулардын» тобу кармалып, алардан көп сандагы банк карталары, уюлдук телефондор жана сим-карталар, ошондой эле ири өлчөмдөгү «мефедрон» баңги заты табылып алынды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында баңги затын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген жана “крипто алмаштыргычтар” аркылуу ортомчулук кызмат көрсөткөн КР беш жараны кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда жарандарга баңгизаттарды таратып жаткан адамдардын, ошондой эле бул мыйзамсыз аракеттерге көмөктөшкөн башка адамдардын аракеттерин аныктоо жана ага бөгөт коюуга багытталган ыкчам иликтөө иш-чаралары улантылууда», — деп айтылат маалыматта.

УКМК кылмыштуу топторго «Telegram» жана «крипто алмаштыргычтар» аркылуу баңгизаттарды таратууда жана сатууда жардам көрсөтүү мыйзамсыз экенин жана кылмыш жоопкерчилиги караларын эскертет!

Количество просмотров: 171