• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Укук бузуулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик саясаттын концепциясы бекиди

1 Аяк оона 2022 17:33 Бишкек Govori.TV

2022–2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы бекитилди. Тийешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022–2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясынын кабыл алынышы «Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө» мыйзамдын талабы болуп саналат.

Документ укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттин ишинин мазмунуна, принциптерине жана негизги багыттарына карата көз караштардын системасын билдирет, анын компоненттерин жана 2022–2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу боюнча иштин багытын аныктайт.

Количество просмотров: 125