• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Укук коргоочулар жапырт камалгандардын иши боюнча Башкы прокурорго жолукту

19 Бештин айы 2022 16:44 Бишкек Govori.TV

«Массалык башаламандык уюштурууга даярданган» деп айыпталып кармалган 30га жакын саясатчы, активисттердин иши боюнча бүгүн Башкы прокурор Курманкул Зулушевге жолугуп чыктык. Бул тууралуу Govori.TVга укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.

«Бүгүн Башкы прокурор Курманкул Зулушев өзүнүн орун басарлары менен бизди кабыл алды. Өтүнүчүбүздү укту, бир гана өтүнүч менен бардык. Тергөөнүн жүрүшүнө, кылмыш ишинин козголушуна баа берген жокпуз. Бир гана бир-эки күндүн аралыгында Бишкек шаардык соту камалгандардын баш коргоо чарасын карайт. Жактоочулар аппеляциялык арыз менен кайрылышты. Ошондо бөгөт чарасын үй камагына алмаштырып бергиле деген өтүнүч келтирдик»,- деди ал.

Эске салсак, Бишкектин Биринчи май райондук соту 12-13-декабрда 20дан ашык саясатчы, блогер, активисттердин камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узарткан. Алардын ичинен 19 киши соттун чечимине нааразы болуп ачкачылык жарыялашкан. Камактагы аялдар эл аралык уюмдарга кайрылуу жолдогон.

23-28-октябрь аралыгында Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыккандар жапырт кармалган. Ички иштер министрлиги мунун себебин “Кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген негизде түшүндүргөн.

Количество просмотров: 364