• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Укук коргоочулар Азимжан Аскаров боюнча Евробиримдикке кайрылды

7 Бештин айы 2018 14:44 Бишкек Govori.TV
Бишкек.07.12.2018. Govori.TV.

«Human Rights Watch» уюму Европа Биримдигине кайрылып, Кыргызстандын жетекчилигин абакта отурган укук коргоочу Азимжан Аскаровду бошотууга чакырууну өтүндү.

Жамааттык кат 10-декабрда “Европа Биримдиги – Кыргызстан” деген аталышта биримдиктин кызматташуу жыйынынын алдында жарыяланды. Анда кыргызстандык укук коргоочу 2010-жылдан бери мыйзамсыз кармалып отурганы, бул олуттуу мыйзам бузуу экени белгиленген. БУУнун Адам укуктары боюнча комитети 2016-жылы Аскаровду тез арада бошотууга чакырганына карабай ал дагы эле абакта отурганы айтылган.
Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров «Базар-Коргондогу 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган» деп соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Прокуратура жана сот органдары анын күнөөсү далилденгенин айтышкан.
Эки жыл мурун БУУнун Адам укуктары боюнча комитети аны камоо мыйзамсыз болгонун айтып, бошотууну талап кылган. Бул сунуштун негизинде Кыргызстандын соту ишти кайра карап чыгып, Аскаровго карата мурдагы чечимди өзгөртүүсүз калтырган.
Буга карабай бир катар эл аралык уюмдар ал куру доомат менен негизсиз камалганын билдирип жүрөт.
Количество просмотров: 21