• Ишенби 6 Кулжа 2026
  • Суббота 6 Июнь 2026

Улак тартыш оюну учурунда улакчы каза болду

12 Жалган куран 202512:52 Бишкек Govori.TV

Улак тартыш оюну учурунда улакчы каза болду. Бул тууралуу Kaktus.media сайты өздүк булактарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 12-мартта Нооруз майрамына арналган кубок үчүн биринчи оюн «Азамат» унаа базарынын аймагында жайгашкан ипподромдо өтүп жаткан. Анда Сокулуктун “Бөрүлү” жана Оштун “Бүркүт” командалары беттешкен.

Оюн учурунда башка улакчы «Бөрүлүнүн» оюнчусу Мирлан Сраждиновду келип сүзгөн. Ал аттан кулап, каза болгон.

Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгы окуя саат 10дор чамасында болгонун, “Тез жардам” чакыртылып, 45 жаштагы (С.М) ооруканага жетпей каза тапканын билдирди. Бул факты райондук милицияга катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталды.

Количество просмотров: 235