• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Улак тартыш учурунда эки унаа талкаланып, жылкы тебеленип кала жаздады

7 Чын куран 202520:48 Бишкек Govori.TV

Ноокатта улак тартыш учурунда улакчылар белгиленген аятнчанын чегинен чыгып, эки унааны талкалап, жылкыны тебелеп кете жаздашкан. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Белгилегендей, 6-апрель күнү Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндөгү ипподромдо улак тартыш өтүп, оюндун жүрүшүндө улакчылар оюн талаасынан чыгып кетишкен.

Окуянын кесепетинен оюн аянтчасынын жанында турган эки унаа жабыркаган. Унаа ээлери милицияга арыз жазуудан баш тартышкан.

Жабыркагандар жок. Бул факт РИИБде каттоого алынган.

Количество просмотров: 395