• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Улан-Батордо Кыргызстан менен Монголиянын парламент төрагалары жолукту 

23 Чын куран 2024 17:35 Бишкек Govori.TV

 Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алгач эки парламенттин төрагалары ардактуу кароол тизилген аянтта учурашып, андан соң Чыңгыз хандын эстелигине таазим кылышты. Ошондой эле Нурланбек Шакиев Ардактуу коноктор китебине каалоо-тилегин жазып калтырды.

Жолугушуу кеңири курамда уланып, анда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Төрага Нурланбек Шакиев кыргыз тилинде саламдашып, жылуу кабыл алгандыгы үчүн Улуу Мамлекеттик Хуралдын Төрагасы Гомбожавын Занданшатарга ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Кыргызстан менен Монголияны Алтай цивилизациясы жана эзелтен калыптанган тарыхый байланыштар жакындатып турарын белгилеген Нурланбек Шакиев: «Акыркы жылдары кызматташтыгыбыз жигердүү өнүгүп келет. Кыргызстандын өлкө башчысы өткөн жылы Монголияга расмий иш сапары менен келип, мамлекеттер аралык мамилени арттырууга багытталган келишимдерге жетишилген. Айрыкча Улан-Батордо Кыргызстандын элчилигинин ачылышы, бардык тармактар боюнча кызматташтыкты кеңейтүүгө көмөкчү болууда», — деди.

Муну менен катар ушул жылдын февраль айында Улуу Мамлекеттик Хуралдын төрагасы Гомбожавын Занданшатардын Кыргызстанга жасаган расмий сапары ийгиликтүү болгонун эске салган Төрага анда да алакаларды арттыруу багытында алгылыктуу кадамдар жасалганын кошумчалады.

Андан тышкары, соода-экономикалык байланыштар тууралуу да айтылып: «Кыргыз тарап тоо-кен өнөр жайы, мал чарбачылыгы, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жаатындагы экономикалык кызматташтыкты күчөтүү маанилүү деп эсептейбиз. Айрыкча биз Монголияга Кыргызстанда өндүрүлгөн таза экологиялык айыл чарба азыктарын экспорттоого кызыкдарбыз. Бул үчүн транспорттук-логистикалык көйгөйлөрдү чечүүбүз кажет», – деди Шакиев.

Ошондой эле маданий байланыштар тууралуу да сөз кылган Төрага Нурланбек Шакиев Манас баатырдын эстелигин Улан-Батордогу көчөлөрдүн бирине ыйгарууну жана айкелин тургузууну сунуштады.

Өз кезегинде Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар чакырууну кабыл алып, келгендиги үчүн кыргызстандык кесиптешине ыраазычылык билдирип, кыргыз-монгол мамилелерине байланышкан маселелерге токтолду.

Анын ичинен билим берүү тармагы боюнча кызматташтыкты кеңейтүү башкы максат экенин айткан Монголия тарап аталган өлкөдө Чыңгыз Айтматов атындагы мектепти ачуу пландалып жатканын маалымдап, көчөгө ысымын ыйгаруу демилгеси да караларын билдирди.

Ошону менен бирге Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба азыктарын импорттоо тууралуу демилгени колдой тургандыгын билдирген Гомбожавын Занданшатар бул жаатта да жигердүү иш алып баруу керектигин кошумчалады.

Эскерте кетсек, расмий сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух жана Премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ менен да жолугушат.

Муну менен катар «Кыргыздардын Чыңгызхан жана анын урпактары менен тарыхый байланыштары», ошондой эле «Глобалдык лидерлер: тынчтыкты жана адилеттикти куруу» аталашындагы эл аралык конференцияларга катышып, сөз сүйлөйт.

Количество просмотров: 75